Бакай Ата районунун Боо Терек айылдык аймактык кеңеши.


Токтомдун катталган күнү

Токтомдун номери

Токтомдун аталышы

   02.06.2023

    2023_25_1

“АРИСтин «Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкагындагы кошумча каржылоо (COVID-19га жооп кайтаруу боюнча)” — КК АИД-3 долбоорундагы:

 Боо-Терек айылынын  “Дооронбек Дуйшебаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин башталгыч класстарынын корпусун капиталдык ремонттон өткөрүү” боюнча ири долбоору жөнүндө.

   02.06.2023

      2023_25_2

Боо-Терек айылынын Алма-Бак 1 көчөсүнүн атын өзгөртүү жөнүндө.

   02.06.2023

      2023_25_3

Айылдын жолдорунун кесилиштерине жана сейил бактарга видео көзөмөлдөөчү камераларды орнотууга акча каражатын кароо жөнүндө.

   02.06.2023

    2023_25_4

“Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунан максаттуу келген 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражатты айыл өкмөттүн киреше жана чыгаша бөлүгү боюнча планга тактоо киргизүү, сатып алуулар боюнча жылдык планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө.

   02.06.2023

      2023_25_5

Боо-Терек айылындагы Ч.Сатаев атындагы маданият үйүнүн түндүк жагындагы, Н.Молдалиев атындагы бала бакчанын түштүк жагындагы, тактап айтканда ушул эки социалдык объекттин ортосунда жайгашкан ээси жок 0,20 сотых аныкталган жерди айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндө.

  02.06.2023

    2023_25_6

Боо-Терек  айыл аймагындагы Талас дарыясында жайгашкан стратегиялык көпүрөгө «Кадастр» мамлекеттик мекемесинен мамлекеттик АКТы алуу жана жээктерин бекемдөө жөнүндө.

  02.06.2023

    2023_25_7

Боо-Терек айылындагы №9 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун аймагына курулуп жатып, эки жылдан бери токтоп бүтпөй калган жаңы имаратынын курулушун ашар жолу менен Элден акча каражат чогултуп улантып бүтүрүү жөнүндө.

  02.06.2023

    2023_25_8

Боо-Терек  айылындагы Б.Сатыбеков атындагы орто мектебинин жылытуу системасы жаңылангандан кийинки чыккан эски чоюн (чугун) көп кабыргалуу батареяларды сатуу жөнүндө.

  02.06.2023

  2023_25_9

Боо-Терек айылына демөөрчүлөр тарабынан алынып келинген Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү тез жардам автоунаасын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндө.

  02.06.2023

    2023_25_10

Боо-Терек айылынын жашоочуларынын үйүнөн чыккан катуу түрдөгү курулуш материал таштандыларды белгиленген жерге төктүрүү жөнүндө.

  02.06.2023

    2023_25_11

Боо-Терек айылындагы №41 кесиптик лицейинин аймагынын күн батыш жагында жайгашкан ээси жок 0,30 сотых аныкталган жерди айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндө.


Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *